Вт. Янв 25th, 2022

Фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу Барчын Аманова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза тапкан 5 жаштагы баланын окуясы тууралуу жазып чыкты.

«Кечир бизди, наристе.  Дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир.

29.04.21 саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан террористтик кол салган дүрбөлөндөн атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып, сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт. «Качкыла!» деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй экинчи наристесин бооруна кысып, эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен.

Турсунбаев Абидин Аликович 1-июльда 5 жашка толмок. Ата-эненин туң уулу, көкүрөк күчүгү, ширин небере.

Өз айылына көмгөнгө болбой калыптыр, тажиктер атып жатышкан, Даргаз айылына жерге беришиптир…..

Террорист Э. Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсин!»

Возможно, это изображение (ребенок и стоит)

Возможно, это изображение (ребенок, стоит и на открытом воздухе)

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *