Күн кадимкидей өтүп жаткан. “Кечке жуук крантта да каналда да суу токтойт экен чакалардын баарын толтуруп кой”- деп жолдошум көчөгө карап чыгып кетти. Ооз ачуу убактысы болуп калсада үйгө келбеди. Звонок кылсам, “тамактана бергиле”- деп өчүрүп койду.Суу токтосо эле тажик эли менен чыр чыкчу. Дагы ошондой болгон го деп олтурсам келди. Мен ойлогондой эле ошол күнү чыр чыгыптыр. Ошентип ал түн тынч уйкуда өттү. Эртеси күн кадимкидей башталды. үйлөрдү жыйнап, балдардын кирин жууп эч нерседен бейкапар жүрдүм. Жолдошум эртелеп эле көчөгө чыгып кеткен. Дайым чыр чыкса ошондой эркектер топтолуп тажик элинин эмне кылып жатканын байкатпастан баамдап турат. Ошентип балдарда көчөдө баары бейкапар ойноп жаткан. Биз кезде  асмандан тоо-ташка жаңырган мылтыктын үнү угулду. Ок тынбай атылып жатты. Балдар баары үйлөрүн көздөй чыңырып ыйлап жөнөштү. Үйдө кичинекей 4 айлык баламды эмизип олтургам. Октун атылган унун угуп эшикке чыксам 3 балам ыйлап үйдү көздөй чуркап келетат. Аларды үйгө алып кирип колу бутум титиреп документтерди араң чогулттум. Кичинекейиме бир эки кийимин алып үйдү таштап, бирөөсүн көтөрүп калганын жетелеп качып жөнөдүк. Ары жактан жолдошумда чуркап келип калды. Коопсуз жерге барып тургула деп айылдын үстү жагындагы чоң трассага чыксак баары ошол жакка качып чыгыптыр. Балдар аялдар ыйлап, барыбызды Рават деген айылга алып келип таштады. Тууганы барлар тууганынын үйүнө, тууганы жоктор тосуп алган үйлөргө жайгашты. Ошентип ар бир үйдө 50дөн 60тан 70тен болуп жайгашып жашап калганыбызга бүгүн 4 күн 4 түн болду. Ушул 4 күндүн ар бир минутасы коркуу менен өтүп жатат. Балдарды карап келечеги кандай болот деп ыйлап алчуу болдум. Баарын ойлогон аял заты болот экен бирде ал жакта калган жолдошумду ойлоп сарсанаа болсом, бирде балдарымды, бирде атам кантти экен десем, бирде иним аман болду бекен деп сарсанаа болом. Кызуу кандуулукка алдырып куру кол чуркап чыгып окко кабылбаса экен дейм.  Жанымдагы келиндин качып жатканда жоготуп ийген баласына күйуп жатканын көруп чыдай албайм калдым. Туну уктай албайм. Көзүм илинсе эле мылтык көтөрүп бизди көздөй чуркаган тажиктер, кулак тундурган жарылуулар, чаңырып ыйлаган балдар, качууга алы келбей калган кемпирлердин бүжүңдөп артыбыздан калбай келе жатканы түшүмө кирип чочуп ойготуп жатам. Келиниздер эже синдилер жалпысына дуба кылалы кыргыз элиме тынчтык тилейли.Эл жерибиз тынч болсун чек арабыз чечилип оз уйубуздо кенири жашай алаар бекенбиз.
Интернет булактарынан алынды 

Предыдущая статьяҮч жылдан бери жашыруун түрдө кыздык белги тигип келем…
Следующая статьяЖүрөк сыры: “Бир катам бүтүндөй жашоомду бузду…”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here