Кошуна байке 18 чыгар менен алам деп жатат, эмне кылсам болот?

Саламатсыздарбы эжелер. Мен сиздердин кеңешке муктажмын. Биз үй-бүлөбүз менен динге бекем адамдарданбыз. Бул кеңешимди апама айта албайм. Балким сиздер мага түз жол көрсөтөрсүздөр деген үмүттөмүн. Жашым он алтыда. Биздин үйдүн жанында кошуна байке бар. Ал мурун аялы менен ажырашып кеткен. Менден он эки жаш улуу. Эми мага эки жыл күтөм турмушка чык деп деп жатат. Кийин ислам университетинен окутам каражаттарын өзүм көтөрөм деп жатат. Окусамбы же турмушка чыга берсемби?

Жадыра

Add your comment

Your email address will not be published.