Качып чыга албай калган. Баткенде дагы бир тургундун сөөгү табылды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган дагы бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
«Мага азыр эле жеткен маалыматка караганда, жаңжал учурунда жарадар болгон Максат айылынын тургунукөз жумду», — деди Солтонбекова.
Жеринде иштеп жаткан кабарчылардын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган. 2-майда жергиликтүү тургундар маркум 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен.
«Коңшулары ал окуя болгон күнү үйдө жалгыз болгондуктан, качып чыга албай калганын билдиришти. Бир уулу Бишкекте иштейт, бир кызы турмушка чыккан, кичүү кызы лицейде окуп жаткан», — деди кабарчы.

Add your comment

Your email address will not be published.