Тажикстандын аскерлери  Кыргызстандын Баткен аймагына күтүүсүз кол салып, карапайым элдин жай турмушуна булуп салып, оор жоготууларга туш кылды. Бул тууралуу баардык кыргыз жарандар кайдыгер эмем экендигин көрсөтуп колдорунан келген жардамын аябай аракет кылышууда.

Бул окуя боюнча Тышкы иштер министринин экс министри Чыңгыз Айдарбеков да кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу Оймо Медия каналында билдирген.

Анда ал: «Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын достосу! Акыркы күндөрү чек арада болуп өткөн окуялар карапайым адамдардын жана жоокерлерибиздин өлүмүнө алып келди. Оор орду толгус жоготуулар болду. Жаткан жерлери жайлуу болсун.  Жакын туугандарынын кайгы-муңун баарыбыз тең бөлүшүп отурабыз. Ошону менен бирге карапайым жарандарга моралдык жана материалдык ири зыян келтирген. Тажик тараптан болгон мыйзамсыз иш-аракеттерди жөн калтырбоо керек, жоопко тартыш керек. Жоопко тартыш үчүн эл аралык ыкмалар бар. Алардын бири репарация. Бул жөн гана чыгымдарды ордуна келтирүү эмес, бул комплекстүү чара көрүү. Анын алкагында бир нече жыйынтыктарга чыкса болот. Эл аралык коомчулук тарабынан агрессияны сынга алуу, эл аралык деңгээлде агрессия колдонгон тараптын аброюн төмөндөтүү, санкцияларын киргизүү, агрессияны жасаган тараптын эл аралык деңгээлде күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымдарды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү жана башка чаралар. Ал үчүн азыр мамлекетке жардам берүү керек. 2021-жылдын апрелинин аягында Тажикстан тарабынан Кыргыз Республикасына жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео жана фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко чакырууга жардам берет. Кыргыз Республикасы эл аралык мамилелердин жооптуу субьектиси катары эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткарып, көптөгөн абройлуу эл аралык уюмдардын, анын ичинде универсалдуу уюму — БУУнун мүчөсү. Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандын агрессивдүү аскердик аракеттеринин айыптоосуна муктаж болду. Расмий Душанбенин аракеттерин айыптап, Тажикстанды чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоодо биз союздаштарыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана боордош өлкөлөрдүн жардамына ишенебиз”-деп билдирген.

Булак:argument.kg

Предыдущая статьяАктриса Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриза Абазованын бир тууганы каза болду
Следующая статьяВидео-Максат айылынын тургуну:»Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергиле»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here