Вт. Янв 25th, 2022

Материалдык чыгым эсептелип бүтөрү менен талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбай, баардыгына көңүл бурулат. Мындай билдирүүнү премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун чек ара жаңжалы болгон аймактагы эли менен жолугушуп жатканда жасады.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов мектепте убактылуу баш калкалап турган 144 кишиден кабар алды.

“Мен силерди абдан жакшы түшүнөм, анткени өзүм ушул жерде жашагам. Мындай каргаша болбошу керек эле. Ондогон жараныбыздан ажырадык. Бул окуяга тарых өз баасын берет. Биз азыр алдыга карашыбыз керек. Болуп өткөн нерселер чек арабызды бекемдешибиз керектигин дагы бир жолу далилдеди. Тиешелүү ведомстволор чыгымды эсептеп жатышат. Ал такталгандан кийин калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбайт”, — деди премьер-министр.

Муну менен катар ал “кыйын күндө Мекенди коргогон баатырларды тарбиялаган” энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 1-майга чейин уланган. Бул жаңжал «тажик тарап кыргыздарга ыйык рамазан айында кол салып, жерлерин басып алууга аракет кылды» деп бааланды.

Бул окуядан соң, Кыргыз мамлекетин Европа баш болгон бир нече өлкөлөр колдоп, терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку расмий маалыматка караганда, кыргыз тараптан 178 киши жаракат алып, 34 адам каза тапты.

ӨКМден кабарлашкандай, кыргыз-өзбек жаңжалы учурунда Баткен жана Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция жана 8 дүкөн жабыр тарткан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *