«20 жыл Орусияда жүрүп салган үйүм эле». Баткендеги күйп кеткен үйлөрдүн абалы.

Социалдык тармактарга Баткендеги чек арадагы жаңжалында тажик тарап өрттөп кеткен үйлөрдүн сүрөт жана видеолору байма-бай тарап жатат. Андагы видеолордун биринде үйдүн ээси 20 жыл Россияда жүрүп тапкан мал-мүлкүнөн бир гана таштанды калганын айтылат.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Add your comment

Your email address will not be published.