Президент Садыр Жапаров 30-апрелде кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады. Өз сөзүндө ал “калабалуу окуялар айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам башталып кеткенин” айтып, ал кайсы күчтөр экенин атаган жок. Чек ара тилкесин аныктоо – карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе экенин, мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келгенин белгиледи. “Тилекке каршы, — деди Жапаров, — куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду”. Президент жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, “Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этем” деди.

Жапаров бардык тараптарды тынчтыкка чакырып, бүгүн Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшкөнүн, “чек ара жана башка маселелерди тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечип алалы” деп келишкенин кошумчалады. 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды. Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Предыдущая статьяМадинанын атасы: Кызымды жоктоп боз үйдө жалгыз отурам…
Следующая статьяКөзү ачык: Төртүнчү революциядан кийин Кыргызстан жок болуп кетет

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here