Бүгүн, 1-майда саат 11:30да Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу курч абалда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толугу менен жаап салды. Тажикстандын аймагындагы чек арада аскердик техникалар жүргөнү байкалууда.

УКМК бүгүн, 1-майда саат 9:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирген болчу.

Маалыматка караганда, өткөн түндө ок атышуулар болгон жок. Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Ош—Исфана жолунун Жака-Өрүктөгү тилкеси жана Төрт-Көчө жолу тазаланып ачылган.

Ага чейин Баткен облусунун жетекчилиги Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иштер жүргөнүн кабарлаган болчу.

Маалым болгондой, эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош—Баткен—Исфана жолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келген эле.

Ошондой эле Тажикстан Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан «Кызыл-Бел» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы менен Тажикстандын «Гулистон» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайынын аймагындагы куралдуу күчтөрүн аймактан алып чыгып кеткен.

Турмуш

Предыдущая статьяЖай тургундардын үйлөрүн атып жатышат. Каза болгондор 33кө жетти
Следующая статьяТөрт жаштагы кызымдын алдында уялып жерге кирип кетейин дедим

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here