Жыл өткөн сайын ортобуздагы сүйүү кайдадыр жашынып алды. Аны издегенден эринип монтондуу жашоого кирип кеттик. Балдардын курсагы, окуусу деп жүрүп, жаштыгыбыз кантип өткөнүн байкабадык. Босогодо илинип турган күзгүгө көрүнбөй калганыбызга көп болду. Жанына жеткенде башыбызды жерге салып өтүп кетебиз. Чындыкты бетке караган оор. Ак чачтар, бырыштар, нуру өчкөн көздөр…

— Балдардын курсагы токпу?

— Ток.

— Мектебинде баары жакшы бекен?

— Жакшы?

— Кайда жүрүшөт?

— Кайда болмок эле, көчө таптап жүрөт да бир жерде.

Экөөбүз ар дайым ушинтип сүйлошөбүз. Кээде ал суроо берет, кээде мен дегендей. Чочун кишидей унчукпай чай ичип, жумуштарыбызга жөнөп кетебиз. Түнкүсүн арты карап ойго жата бермей адатыбыз бар.

Кучакташуу, өбүшүү, колтукташып басуу дегенден уялабыз. Базарга барсак бири-бирибизден эки метр узакта жүрөбүз. Бир сыйра урушуп, маршруткага түшкөндө эки башка орундукка отуруп алабыз. Мындай карасаң күлкүлүү, жаш баладан айырмабыз жок.

— Апа? Апа? Апаа?

— Ой, баары жакшыбы? Туалтке дагы жөн отургузбайсыңар.

— Атам телефонун унутуп кетиптир. Бирөө чалып жатат.

— Азыр барам.

Коллегасынын номеринен чалып, балабыздан берип жиберишимди айтты. Уулумду убара кылбай, жумушума баратып таштап коеюн дедим. Маршруткада кармалап келаткам. Зеригип кетип ичин ачтым. Галереясына кирсем балдарыбыздын машинасынын, атүгүл Актөштүн сүрөтү бар экен. “Меники жок го”, байкабай сыртыман сүйлөп жиберипмин. Жанымдагы эже таң калып карап койду.

“Жашоомдун жарыгы” деген папканы көрүп калдым. Ичим шу дей түштү. Ачтым. Менин шилекейим агып уктап жаткан сүрөтүм чыкты. Балабызды жуунтуп жатканым, базардан ысып, кызарып морожный жеп келатканым, маршруткада шилекейим агып уктаганым, бутумдун боосун байлап отурганым, кошуна келиндер менен сүйлөшүп турганым, каткырганым, кызым менен мультфильм көргөнүм ж.б. Байкатпай мени тартып сактап жүргөн тура. Ыйладым. Жумушуна барбай, кайра артка кетип калдым. Анан баламды жөнөтүп жибердим.

Кечинде келгенде эч нерсе деген жокмун. Тамак ичип бүтүп жатканга камына баштадык. Жуунуп келгиче күйөөм уктап калыптыр. Акырын жанына жатып кучактадым. Бир маалда колумду өзүнө тартып өөп койду. Биринчи жолу жүрөгүм тынч уктадым. Эртең менен башкача адам болуп ойгонорубуз анык болуп калды.

http://Bilesinbi.kg

Предыдущая статьяПривет, мир!
Следующая статьяЖолдошумдун мындай жорук кылаары, үч уктасам түшүмө кирген эмес…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here