Балбак Түлөбаев президенттик аппаратты жетектейт

Бишкек мэрлигинен кеткенден кийин Балбак Түлөбаев саламаттыгынын камын көрүп жүргөн. Аз күндөн бери саясый активдүүлүгү байкалып, президент Садыр Жапаровдун айткандарын, жүргүзүп аткан саясатын жакшы жагынан көрсөтүп, Facebook баракчасы аркылуу жарнамалап, бөлүшүп, элдин маанайын бурууга аракетин жасоодо.

Пиар-менеджерлик таланты бар Түлөбаев көлдүк абасын ашкере колдоп турса, жерде калбасы шексиз. Балким сүйлөшүүлөр деле болгондур. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Балбак мырза жогорку кызматтардын бирине дайындалышы мүмкүн.

Кайсы креслону ээлейт? Президенттик аппаратты жетектеп калбайбы? Аз күндө билинет.

Булак: Азия News гезити

Add your comment

Your email address will not be published.